Turmush — Кечээ, 4-август күнү Ысык-Көл районунун аймактарында жааган жамгырдан кийин эки кабат күн желеси пайда болду. Табияттын мындай кубулушу элди суктандырбай койгон жок. Ушундан улам алар көз уяла турган кооздукту ар кайсы жерде, түрдүү ракурста сүрөткө жана видеого тартып алганга үлгүрүшкөн.
Анын өзгөчөлүгү — абдан жоон келип, эки учу жерге ийилип тийип тургандай көрүнгөн.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, адатта эки кабат күн желесин сейрек көрүүгө болот. Анын чыгышын эл жакшылыкка жоорушту.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.