Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жашап, иштеп жаткан Анара Мурзабаева. Ал Ош шаарында төрөлүп өскөнүн Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Анара Мурзабаева учурда 29 жашта, 2 уулдун энеси. Америкага 2014-жылы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окуп жүрүп, 2-курсунда программа аркылуу барган.
Ал жакында эле Флорида штатынын Майами шаарында өткөрүлгөн каш, кирпик жасоо боюнча «WULOP-2022» сынагында эки номинация боюнча 1-орунду алды.
«Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз — 4 кыз, 3 уул. Атамдын кыздарды колдоп, тандоону өзүбүзгө берип, түшүнгөндөн болсо керек. Учурда сиңдим экөөбүз Америкадабыз. Дагы эки сиңдим Польшада окуп, иштешет.
Алгач Америкага 3 айга программа аркылуу 3 кыз келгенбиз. Лицейде окуп жүргөндө бардык сабактар англис тилинде жүргүзүлгөндүктөн тил жагынан кыйналган жокмун. Окуу мөөнөтүбүз бүткөн соң досторум "кетебиз" деп калышты. А мен атамдан дагы 1 жыл калууга сурандым. Ал убакта кадимки мигранттардай эле түрдүү майда-чүйдө жумуштарда иштедим. 3 жылдан кийин атам-энем аркылуу Кыргызстанга чакырта баштады. Ал эми мен апама үйгө жуучулар бара турганын айттым (күлүп). Бул жактан кыргыз жигити менен сүйлөшүп жүргөм. Үйлөндүк, бирок Кыргызстанга бара алган жокпуз. Жолдошум тарап Бишкекте той берип, менин туугандарым келип, ресторанда кадимкидей той өткөрүшкөн. Биз Скайптан кадимкидей жүгүнүп, каалоолор айтылып, кызыктуу той болгон», - деди ал.
Анара Мурзабаева окуп, курстардан соң каш жасоону өздөштүргөн.
«Мен окубаган окуу калган жок окшойт. Колдоп турган жолдошум, кайненем, ата-энеме да рахмат. Каякта кесипкөй устат болсо, ошол жакка чуркап, сынактан уттум.
"WULOP-2022" сынагында Американын сулуулук чөйрөсүндө иштеген мыктылар менен жарышып, эки номинация боюнча биричиликке ээ болдум. Бул унутулгус сезим экен. Эми Американын атынан октябрда Анталияда өтө турган дүйнөлүк сынакка катышам. Ага чейин Москвага барып, 10-15 күн дагы бир кесипкөй адамдын курсуна катышууну пландап жатам», - деди ал.