Turmush — Ош облустук сотунда зордуктоого айыпталган жигиттин кылмыш иши каралды. Соттук коллегия ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөттү. Тиешелүү чечим 2022-жылы 1-августта кабыл алынды.
- Айыпталуучу Фархат (ысымы өзгөртүлдү, М.Ф.К.) 1993-жылы 24-июнда Ош шаарында туулган. Орто билимдүү, мурда соттолгон, бойдок.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Фархат 2019-жылдын 27-февралында саат 21:30 чамасында Ош шаарынын Шейит-Дөбө кичи районунда «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен «Ош такси» кызматында иштеп жүрүп жабырлануучу Райханды (ысымы өзгөртүлдү) жолдо кетип бара жаткан жеринен үйүнө жеткирүүнү убадалап, унаасына салган. Ал жыныстык кумарын кандырууну көздөгөн. Кызды үйүнө жеткирбей, спирт ичимдиктерин алып, кызды алдап, аны ичирип, мас болуп, өзүнө жооп бере албай калган абалынан пайдаланып, кылмыштуу шериги Насир (ысымы өзгөртүлдү) менен «Рандеву» мейманканасына алып барышкан. Мейманкананын ичинде кызды эркине каршы кезектешип жыныстык катнаш жасашып, зордукташкан.
Соттук-медициналык экспертизанын 2019-жылдын 18-мартындагы корутундусуна ылайык, жабырлануучу ден соолуктун бузулушуна алып келбеген жеңил жаракат алгандыгы аныкталган.
Сот отурумда Фархат угузулган айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2019-жылдын февраль айында Ош шаарынын Шейит-Дөбө кичи районунда унаасы менен таксист болуп иштеп жүрүп, Райханды жолдон көрүп калган. Аны унаасына отургузуп, Райхан үйүнөн чыгып кетип, 2 күндөн бери үйүнө барбай жүргөнүн билгенден кийин досун чакырган. Алар кафеде тамактанып, спирт ичимдигин ичип, андан кийин мейманканага барышкан. Ал жакта Райхан экөө жыныстык мамиледе болгон. Ал эми досу башка бөлмөдө болчу.
Ал жеңил жаза дайындоону сурады.
Ош шаардык сотунун 2019- жылдын 29-августундагы өкүмү менен Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 161-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон) боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 1-мартындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинин (жазык-аткаруу тутумунун кызматкерин коркутуу же ага карата зомбулук кылуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин негизинде Ош шаардык сотунун 2019-жылдын 29-августундагы өкүмү менен белгиленген жазанын өтөлө элек бөлүгү (4 жыл 7 ай 21 күн) жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 5 жыл 7 ай 21 күнгө эркиндигинен ажыратылган.
2021-жылдын 5-октябрында соттолгон Фархаттын жактоочусу өтүнмө менен кайрылып, Ош шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Насирге карата чыккан өкүмдү жаңы жагдай деп карап, кылмыш ишти маңызы боюнча карап берүүнү суранган.
Жазык кодексинин 161-беренеси менен айыпталган Фархат жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү менен элдешкендигин жана келтирилген чыгымдын ордун толтурулгандыгына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу менен кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Фархат сот залынан бошотулган.
Жогорудагы токтом менен макул болбой, Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.И. апелляциялык сунуш менен кайрылган. Ал өкүм негизсиз чыгарылган деп эсептеген.
Жыйынтыгында Ош шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, кылмыш иш ошол эле сотко жаңы кароого жөнөтүлдү.