Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Учкун айылынын тургуну Анара Эркебаева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, сайттарды иштеп чыгып жана программалоону өздөштүрдү. 21 жаштагы Анара мындай ийгиликке аракети жана Beeline компаниясы уюштурган IT-курстун кесипкөй мугалимдеринин (ментор) арты менен жетти.
2021-жылы август айында Beeline Digital Academy менен бирге бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан IT адистиктери: UX/UI дизайн, Front-end жана Back-end боюнча акысыз курстарды ачкан. 60 катышуучу акысыз окуду.
Анара өзүнүн долбоорун коргоп, программалоо, тактап айтканда Back-end багыты боюнча курстагы алдыңкы окуучулардын бири болду. Ошондуктан Beeline Анарага жогорку сапаттагы ноутбук тапшырды.
Анара өз алдынча жыла албайт, бирок IT тармагынын оор багыты боюнча билим алды. Ал команда менен экопродукттардын онлайн дүкөнүнүн сайтын кантип иштеп чыкканын Turmush басылмасына берген маегинде айтып берди.
- Өзүңүз, жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз. IT-курска барганга чейин башка курстарга катыштыңыз беле?
- Бала кезимде кадимкидей эле өзүм курактуулар менен көчөдө ойноп, Ош шаарындагы мектептердин биринде окучумун. Жашоом 2014-жылы капыстан өзгөрүп кетти. Сколиоз (омуртка тутумунун кыйшайышы) күчөп, Бишкек шаарында операция болдум. Үмүтүм чоң эле, бирок операция жардам берген жок. Эми үйдө отурууга мажбурмун. Бирок багынбайм, өзүмдү таштаган жокмун. Бош убактымдын баарын өзүмдү өнүктүрүүгө арнадым. Смартфондун пайда болушу жана уюлдук интернеттин өнүгүшү менен технология дүйнөсүнө кирип кеттим. Интернеттин жардамы менен айрым көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөндүм. Учурда IT тармагын өздөштүрүү менен алекмин.
Мындан тышкары онлайн аянтча аркылуу Кытайдан товар сатып алып, бул жакка алып келип, сатабыз. Жалпысынан жашоом жакшы деп айта алам. Ооба, мен жашоодогу кыйынчылыктарга даттанган адам эмесмин. Баарынан позитив издөө керек. Эсимде, операциядан кийин үйдө болуп калдым, интернет, смартфон жок. Жөн гана сыналгы көрчүмүн. Бир нече жылдан кийин смартфондор пайда болуп, интернет активдүү түрдө өнүгүп баштады. Активдүү колдонуучу болууну чечтим. Жаңы телефон сатып алганда бардык функцияларын өздөштүрдүм. Ошондуктан смартфондордогу көйгөйлөрдү жакшы билет болушум керек. Айылда кимдир-бирөөнүн телефонунда көйгөй пайда болсо, мага келишет. Баарына жардам берем, алар ыраазычылык билдиришет.
Социалдык тармактарды активдүү колдоном. Мүмкүнчүлүк болгондуктан долбоорго катышууга билдирме кат жөнөтүп, 400 миң сом грант утуп алдым. Бул акчаны кондитердик цех ачууга жумшап, андан кийин 8 адамды жумуш менен камсыздадым. Учурда кондитердик цехти апам жетектейт.
- Курс тууралуу кантип билдиңиз? Буга чейин программалоого кызыкчу белеңиз же бул курстар сиз үйүн компьютер жана IT-технология дүйнөсүнө жол ачтыбы?
- Дайыма маалыматтарга, IT тармагындагы жаңылыктарга көз жүгүртүп турууга аракет жасайм. Менин оюмча, бул учурда прогрессти алдыга жылдырган актуалдуу тармак. Технология бат өнүгүп жатат. Офлайн режимде окууга мүмкүнчүлүгүм жок болчу, ошондуктан онлайн курстарды издеп жаткам. Баса, кулактандырууну интернеттен көргөм. Анкетамды жөнөтүп, курска өтүп, ийгиликтүү аяктадым.
- Билдирме жөнөткөндө бул алдамчылык эмеспи, өтпөй калбаймынбы деген шек саноо болгон жокпу?
- Өтпөй калам деп ойлогон жокмун. Буга чейин «Чексиз» («Безграничный») долбооруна катышып, IT-курстарды угуп жүргөм. Бирок ал курстарда жакшы үйрөнө албай, көпчүлүгүн өздөштүргөн эмесмин. Beeline уюштурган курстар кое берүүгө болбогон мүмкүнчүлүктөр эле.
- Курска өтүү оорчулук жараттыбы, атаандаштык болдубу?
- Курста окуп жатканда атаандаштык болгон жок. Мен андайды сезген жокмун. Бирок мени тандашабы, курска катыша аламбы, менторлор берген нерселерди башкалар сыяктуу өздөштүрө аламбы деген ойлор болду. Бул кандайдыр бир ички тынчсыздануу болду окшойт.
Тандоо туруна көп адам катышты. Бирок көбү тестирлөө этабынан өтө алган жок. Мага ийгилик жылмайды.
- Сиздин оюңузча, Beeline курска катышкандарды окутуу үчүн кесипкөй окутуучуларды тандадыбы?
- Мугалимдердин деңгээли абдан жогору болду. Алар биз берген суроолорго так жооп берип, маалыматты абдан жакшы түшүндүрүп беришти. Алгач окуу оордой сезилди, бирок кийин кайсы бир этапты өткөндөн кийин жеңил эле болуп калды. Менторлор бизге чоң көмөк көрсөттү.
- Сиз өзүңүздү ушундай мүмкүнчүлүк алган адам катары бактылуумун деп эсептейсизби? Же сиз өзүңүздүн күчүңүзгө жана мүмкүнчүлүктөрүңүзгө ишендиңиз беле?
- Beeline компаниясы IT тармагын өздөштүрүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк түздү. Мындай долбоордун катышуучусу болуп, бактылуулукту сездим. Жаңы нерсе үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн колдонгонума абдан кубанычтамын. Сабактар акысыз, баары жеткиликтүү тилде, ошондой эле онлайн режимде болду. Буга чейинки курстарда кыйынчылыктарга кабылгам. Мисалы, сайт жасай алган эмесмин. Beeline компаниясы уюштурган курстан кийин бардык багыттагы сайттарды түзүп, программалап калдым. Мындан ары да бул кадамды улантам.
- Эгер курсту онлайн окууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, аны акы төлөп, офлайн режимде же өз алдыңызча окуйт белеңиз?
- Окутуу офлайн болсо, курска катышууга билдирме жөнөтүүнүн кереги барбы деп ойлонмокмун. Эң биринчи кезекте, бул көп күчтү жана убакытты талап кылмак. Beeline компаниясы уюштурган онлайн окутуу — билим алуунун заманбап ыкмасы. Үйдөн чыкпай эле жаңы, пайдалуу нерселерди үйрөнөсүң. Бул учурда буга чейинки курстарда өздөштүрө албагандарды үйрөндүм. Мындай курстар — жаш студенттерди колдоо, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Beeline компаниясына ушундай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жаңы ийгиликтерге жетүүгө түрткү берет.
- Окуп жатканда ийгилигиңиз үчүн ноутбук алам деп ойлодуңуз беле? Курстун жыйынтыгында эмне күттүңүз эле?
- Ноутбук алам деп такыр ойлогон эмесмин. Биздин командада билимдүү балдар бар болчу. Ноутбукту алардын бири алат деп ойлогом. Мени ийгиликтүү окуучу деп аташты, абдан кубанычтамын.
- Курсту аяктагандан кийин кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлдү?
- Мага көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Буга чейин бир аз тажрыйба топтоп, сайттарды программалоодо айрым жерлерин жасай албай калчумун. Бул курс жаңы билим алууга шарт түздү. Сайтты иштеп чыгууга буюртма алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Эми англис тили боюнча билимимди тереңдетип, чет элдик компаниялар менен иштешүү максатын койдум.
- Beeline комапаниясы тууралуу буга чейин билсеңиз керек. Ал сизге жаңы жагынан ачылдыбы? Сизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген компания тууралуу эмне айта аласыз?
- Компанияны көптөн бери билем, Beeline компаниясынын абоненти болчумун. Чоң атам менен чоң апа азыр дагы Beeline компаниясынын кызматтарын колдонот. Буга чейин компанияны уюлдук оператор катары билсем, эми жаштардын өнүгүүсүнө багытталган көптөгөн долбоорлордун сүрөөчүсү катары билем. Beeline өзүн өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берерине ынандым.
IT жана программалоо боюнча акысыз курстар долбоору — Beeline үчүн социалдык маанилүү долбоорлордун бири. Долбоордун алкагында компания жаштарга акысыз билим алууга гана мүмкүнчүлүк түзбөй, стажировкадан өтүп, андан кийин талап көп болгон жумушка орношууга, бул тармактын кесипкөй адистери менен таанышууга, тажрыйба алмашууга, маалыматтык технологияларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
Beeline социалдык жоопкерчиликтүү компания катары инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле билимдүү, перспективдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды тарбиялоо максатында дайыма ар кандай, анын ичинде билим тармагындагы долбоорлорду колдоп, инвестиция жасап келет.