Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылында курулушу токтоп калган бала бакчанын курулуш иши жанданды. Бул тууралуу Жылалды айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Жылалды айылында буга чейин муниципалдык бала бакча болгон эмес. Айылда 817 кожолукта 4548 адам жашайт. Алардын арасында мектепке чейинки билим алуу үчүн 968 бала бар.
2014-жылы 75 орундуу бала бакчанын курулуш иштери башталып, каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп калган. Бала бакча 75 орунга ылайыкталган.
Республикалык казынанын эсебинен 24 млн сом бөлүндү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.