Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын тургуну Рустам Шамшиев чогулткан тоо балы коңшу Өзбекстанга сатылып жатат. Ал бал топтоонун сырын атасынан өздөштүргөнүн Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Рустам Шамшиев эми аары багууну уулуна үйрөтүп жатат.
«Атам Асанбек 1970-жылдары дал ушул Кызыл-Үңкүр токой чарбасында зоотехник болуп иштечү. Мен үй-бүлөнүн чоң уулу болгондуктан атамдын жумуша барып, ага көп каралашчумун. Атам өз жумушун жасап, ага кошумча токойдо бал челектерде аары бакчу. Эс тарткандан бери атамдын жанында көмөктөшүп жүрүп, балчылыктын сырын өздөштүргөм. Атамдын айтымында, ага атасы үйрөткөн экен. Атамдын 4 эркек бир тууганы болсо, алардын баары бал аары багуу менен алектенишчү. Бул иш менен 1998-жылдан бери өз алдымча алектенем. Атамдан үйрөндүм деген менен үйрөнгөндөн үйрөнө элегим көп экен. Алардын баарын практикада ушул күнгө чейин үйрөнүп келе жатам», - дейт ал.
Рустам Шамшиевдин айтымында, аарылардын жашоосу кызыктуу. Учурда 120 бал челеги бар.
Рустам мырза өзү өндүргөн балды коңшу Өзбекстан Республикасына экспорттоону жолго койгон. Ал өткөн жылы 500 кг бал сатылганын, быйыл биринчи тартымда 160 кг бал сатканын кошумчалады.
Рустам Шамшиев 48 жашта. 9 бир туугандын улуусу. 2 уул, 2 кыздын атасы, 1 неберенин чоң атасы.