Turmush — Өмүралиев Тилек Кылычбекович Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри кол койду.
Т.Өмүралиев бул кызматка кечээ, 1-августтан тарта киришти. Ал эми бүгүн расмий тааныштыруу болот.
-
Буга чейин ал Чүйдөгү Москва РИИБдин башчысы кызматында иштеген.
-
Милициянын полковниги Т.Өмүралиев 1981-жылы Панфилов районунун Күрпүлдөк айылында туулган.