Turmush — Кылданов Сапар Токоевич Токтогул шаарынын мэри болуп дайындалды. Аким жаңы мэрди шаардын активине тааныштырды, деп билдирди аймактык кабарчы.
С.Кылданов бул кызматка өткөн аптада дайындалган.
Ал 1967-жылы 9-январда Токтогул районунун Ак-Тектир айылында туулган. Буга чейин Токтогул шаардык кеңешинин депутаты, суу чарба башкармалыгында башчы болуп иштеген. Жеке ишкерлик менен да алектенген.
- Токтогул шаарынын буга чейинки мэри Болгонбаев Болот Турдуевич кызматтын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.