Turmush — Ош шаарынын Черёмушки кичи районунун 70 жаштагы тургуну Абытжан Абилов ата жолун улап, учурда 80ге жакын тоос багып жатат.
«Бул биздин аталарыбыздан бери келе жаткан иш. Эми биз багып жатабыз. Тоосту багуу оңой. Тоок сыяктуу эле багылат. Суу, жүрөгү гана беребиз. Булар аябай таза болушат. Багууда кыйынчылык деле жаралбайт. Туурасы 6 метр, узуну 3 метр болгон жай ырастап эле бага берсе болот», - дейт ал.
Тоос үй канаттууларынан баасы менен айырмаланат. Ургаачы эркеги менен кошо сатылат. Баалары 250-300 доллар.
«Мен тоос сатам деп жарнама деле кылбайм. Мени билгендер, тоос багууга кызыккандар издеп, таап келишет. Бүгүн эшиктин алдына эле алып чыктым. 300 долларга сатам. Мунун жумурткаларын 500 сомдон сатам. Негизи булар 2 күндө бир жумуртка беришет. 13-15 жумуртка бастырып, өзүм чыгарып көбөйтөм. 28 күндө басып чыгарышат. Учурда 80дей тоос бар. Он-Адырда иним багат», - деди Абилов.
Тоостор 8 жылга чейин жашашат. Бир жылдан кийин эле жумуртка берип башташат. Аны эт катары да бакса болот. Ар бири 3 килограммга чейин эт берет.
«Атайын тооккана сыяктуу жайы болот. Ошол жерде багабыз. Эркиндикке коё бергенде, эркектери эки саат канаттарын жайышат. Аябай кооз болот», - дейт Абытжан.
Тоостор учурда сатыкка чыгып жатат. Жумурткаларын да сатып алууга болот.