Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук каржы башкармалыгынын жетекчилигине Бакыт Карыбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка район акими Жумадилла Жапаров кол койгон.
Каржы министрлигинин Ак-Талаа райондук башкармалыгынын жетекчилик кызмат орду 6 ай 20 күндөн бери бош турган.
Аталган кызматта буга чейин Улан Жылтыров иштеп келген. Ал 2021-жылдын декабрь айынын аягында акимдин биринчи орун басары кызматына дайындалган.
- Бакыт Карыбеков 2019-жылдан бери «Токтаалы» дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп эмгектенип келген.
Өмүр баянын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.