Turmush — Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу тоо этегиндеги Эркин-Сай айылында 61 жаштагы Динара Исакбекова өз короосунда гүлдүн 40га жакын түрүн өстүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
«Кесибим боюнча биолог мугалиммин. Ошондонбу, тоолук айым болгондонбу, айтор жаратылышка өтө жакынмын. Табияттын кооздугу мени өзүнө тартып, элетте жаш муундарга 40 жылдай убакыттан бери биология сабагынан окутуп келем. Кезегинде айылдагы К.Жуматаев атындагы орто мектепте директор да болуп эмгектендим. Эми ал өз жолу менен болсунчу. Көп жылдан бери үй ичине, классыма, чакан короомо түрдүү сорттогу гүл өстүрөм. Маселен, роза, лилия, сарымсак, кайчылаш, ит жүзүм, татаал гүлдөрдү өстүрөм. Күндө таң эрте алар менен саламдашып кадимкидей "сүйлөшөм". Эми мен буларды сатпайм деле. Тек гана кооздук үчүн өстүрөм», - деди элеттик айым Динара.
Ал ошондой эле короосунда алча, алма, малина, карагат жана башка мөмө-жемиштерди да өстүрүп, багбанчылык иштерди да жөнгө салганын айтты.