Turmush — Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Улукбек Тилеков аймакта дарбыз өстүрүүнү колго алган алгачкы дыйкан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Анын айтымында, буга чейин райондо дарбыз өстүрүлчү эмес. Өткөн жылы 30 сотых жерге дарбызды сыноо үчүн эгип көргөн. Түшүм ойдогудай болуп, түйшүк талап кылбагандыктан, быйыл аянтын кеңейткен.
«Мен 30 жылдан бери дыйканчылык менен алектенем. Буга чейин жер-жемиш, жашылчалардын түрүн өстүргөм. Капуста, сабиз, сарымсак, пияз, картошка жана башка. Өткөн жылы дарбызды 30 сотых жерге эктим. Натыйжа жакшы болуп, түшүм ойдогудай болду. Быйыл 1 гектарга аянтка 5000 түп дарбыз көчөтүн эктим. Учурда түшүм бышып жетилди. Четинен жергиликтүү базарга алып чыгып сатып жатабыз. Килограммы 18 сомдон. Айыл аралап сатам. Ар бир иштин кыйынчылыгы, түйшүгү болот. Бирок башка жашылча жемиштерге салыштырмалуу дарбыз өстүрүү жеңил экен. Суу талап кылат экен. Аны үчүн атайын жер астынан 60 метр тереңдиктен суу чыгаргам. Суу болсо даамы да жакшы болот. Түшүмдүн 20% сатылды, алдыда дагы киреше көрөбүз деп турабыз.
Биздин райондо жакшы болот экен. Башка жактан алып келинген дарбыздан көрө өзүбүздө өндүрсөк, органикалык таза жашылча жемиштер менен камсыздалат элек. Анткени башка аймактан келгендер кымбат сатышат. Алар ар кандай химикаттар менен бышып жетилет. Мен көчөтүн Төө-Моюндан алып келгем. Өзүм да аз аянтка уругунан эктим. Көчөттөр көрө уруктан эгилген дарбыз жакшы болот экен», - деди ал.
Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдипатта Пинназаров райондун тарыхында дарбыз өстүрүү биринчи жолу ишке ашканын айтты.
«Район аймагында кылкандуу дан эгиндери, жүгөрү, тамеки өстүрүү жакшы колго алынган. Ал эми коон-дарбыз өстүрүү тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Өстүрсө болот экен, буйруса жайылтабыз», - деди ал.
Баткен районунда жалпы 10450 гектар айдоо жери бар. Анын 5762 гектары сугат жер. Андыктан аймактагы калктын көпчүлүгү кылкандуу дан эгиндерин айдашат. Ал эми коон-дарбыз Баткенге коңшу мамлекеттерден келет.