Turmush — Хорошунов Владимир Сергеевич «Кара-Балта» муниципалдык футбол клубунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2022-жылы 26-июлда шаардын мэри Мирлан Жекшенкулов кол койду.
Владимир Хорошунов 1984-жылы 3-сентябрда төрөлгөн. Ал буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, ошондой эле мектепте дене тарбиячы мугалим, аталган клубдун башкы машыктыруучусу болуп иштеген.
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алган.