Turmush — Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек коругунун ичинде жайгашкан Аркыт айылынын 66 жаштагы тургуну Жакшыбек Жакыбалиев бала кезинен бери балчы атасына көмөктөшүп, азыр өзү да бал чогултуу менен алектенет. Ал аталган коруктагы көлгө жакын жерге 40тан ашык бал челек койгонун Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.
Анын айтымында, бал аары багып, сапаттуу бал жыйноо — өзүнчө илим. Ушул тапта алгачкы балды чогултуп жатат.
«Бул жерде жаратылыш жакшы, чөп, гүлдөрдүн түрү көп. Айылдагы көпчүлүк эле үй-бүлөлөр бал челек кармашат. Атам да кармап келген. Өзүм буга чейин корукта иштечүмүн. Пенсияга чыкканыма 2 жыл болду. Бал челектерди бир аз көбөйттүм, бул эрмек. Бир жагы материалдык жагынан да жакшы. Бал бала-чакага, жоро-жолдошторго, балдарымдын досторуна белек. Чындыгында бул жердин балы бааланат, себеби таза. Кудай жаш берсе, бал челектерди дагы бир аз көбөйтөм. Азыр бул жерде сезон убагы. Жаз мезгилинде да бал челектерди койсо болот. Бирок тоо жеринде — биздин аймакта жаан-чачын көп болот. Ошондуктан төмөнкү айылдарда кармап, күн жылыганда бул жакка алып келебиз. Алып келгениме 20 күн болуп калды. Азыр бал чогултуу башталды», - деди ал.
Эгерде жаан-чачын көп жаап, күн суук болсо, балчылар бал кырмандан толук кол жуушу мүмкүн. Бирок каарманыбыз быйылкы кырман оюндагыдай болуп жатканын айтат.
«Алдыга койгон план жок. Коруктун да өзүнүн бал челектери бар. Алардын бир бал чакасынан 8-7 килограммдан бал алуу планын коебуз. Такыр бал албай калган жылдар да болот. Бир бал челектен 20-25 килограммга чейин бал алууга аракет кылуудамын. Жакшы бал алуу үчүн жазында бал аарыны күчтөп, жакшы кармаш керек. Дарылап, тамагын берүү зарыл», - деди Жакыбалиев.
Анын айтымында, Сары-Челек коругунда биотүрдүүлүк көп болгондуктан бул жердин балы өзгөчө баалуу деп эсептелет.
«Сары-Челек башка жактын жаратылышына караганда биотүрдүүлүгү көп экени менен айырмаланып турат. Бизде жаан-чачын көп болуп, өсүмдүктүн түрү да көп. Бул жерде мал жок. Ошондуктан балы өзгөчө баалуу болот. Балды жеп жүргөн адам дароо баалап билет», - дейт ал.
Жакыбалиев аарылардын түрүн багат. Ал жашаган айылда бал челек кармагандар көп. Жаратылышы бал аарыларды багууга ылайык болгондуктан жергиликтүүлөрдүн 50-60 пайызы бал аары багып, бал чогултуу менен алектенишет.
«Биздин айылда 50-60 пайыз үй-бүлө бал аары багат. Бал челекти коюу үчүн коруктан атайын уруксаат аласың. Ар бир бал челекке салык катары 40 сомдон төлөйбүз. Көрүнгөн жерге коюуга болбойт. Ага да жер керек. Мурда союз учурунда көлдүн жээктерине да койчубуз. Ал учурда тартип башкача болгон», - деди ал.
Каарманыбыздын айтымында, балчылар аарыларына «кожоюн» сыяктуу аяр мамиле жасашат. Бал чогултуунун чыгашасы, түйшүгү көп.
«Кышкыга аарыларга бир аз бал калтырып, жылуулап коебуз. Күзүндө дарылайбыз. Жазга чейин тамагын жеткирип, дагы дарылайбыз. Сөзсүз кум шекерди азык катары бир аздан беребиз. Ансыз арылар күч албайт. Кум шекер берилсе, эртерээк күч алышат. Бал челектин ичиндеги аарылар бири-бири тааныбаса да жытынан билишет. Ичинде балдарды бакканы, бал ташыганы, корукчусу бар. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Эгер башкаларын киргизип салса, алсыздарды өлтүрүп, балдарын ташып кетиши мүмкүн. Булар кожоюн сыяктуу. Нары ташыйсың, бери ташыйсың, тамагын бересиң, челектерин жаңылайсың. Жылына 4-5 жолу дарылайсың. Чыгымы, түйшүгү көп», - деди Жакшыбек Жакыбалиев.