Turmush — Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Жетимишов Айбек Суранчыевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал кечээ, 24-июлда көз жумган.
Бүгүн, 25-июлда Алай районунун Корул айылында акыркы сапарга узатылып, жерге берилди.
- Айбек Жетимишов 1971-жылы 3-декабрда туулган. Бул кызматта 2018-жылдан тарта иштеп жаткан.