Turmush — Чүй районунун 32 жаштагы тургуну Айбек Мелисов 15 жылдан бери аары багып келет. Фермер учурда Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында ак бал чогултууда. Ал аймактык кабарчыга аарычылыктын күнгөй-тескейин айтып берди.
Фермер 16 жашынан тартып аары багууну үйрөнүп баштаган.
«Аламүдүн районунун Байтик айылындагы кесиптик лицейде окудум. Ошол учурда футболист Георгий Шевченкого аарычылык боюнча шакирт болуп, жардам берип, 3 жылда үйрөнүп чыктым. Ошону менен аары багып, өз алдымча кеттим. 16 жылдан бери аарылар дүйнөсүн дагы деле таанып келе жатам. Учурда 150 бал челекти иштетип, Чүйдөн баштап Ысык-Көл, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондоруна чейин барып жүрөм. Көпчүлүк биздин жумуш жеңил деп ойлошот. Балдын артында оор жумуш жана көйгөйлөр арбын. Аарычылык боюнча жогорку билимдүү адистер таптакыр жок. Анткени жогорку окуу жайларда бул тармак боюнча окутуулар жок. Жалаң гана өз алдынча үйрөнгөн практиктербиз. Өзүбүз дарылап, селекция кылып, бир сөз менен айтканда өз киндигибизди өзүбүз кесип, күн көрөбүз. Балчылар бири-биринен алыс дегенде 3 чакырымдан жайгашышы керек. Антпесе аарылардын оорулары бири-бирине жугат», - деди ал.
Айбек Мелисов сезон учурунда 6-7 тонна бал өндүрө алат.
«Өнүккөн мамлекеттерде аарычылык институттары бар. Алар аарыны биологиялык түзүлүшүн изилдеп бүтүп, аба ырайына ылайыкташтырып, генафонун өзгөртүп жасап алышкан. Кыргыздар эле жасай албайт, себеби билим жетишсиз болуп жатат. Кыргызстандык аарычылар чет мамлекетке көз карандыбыз. Анткени эне аарыны сатып алабыз. Мамлекет балчыларга пайдасын тийгизбейт жана алардын пайдасын көрбөйт. Биз өзүбүзгө гана ишенебиз. Бул тармакка мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөй келет. Айыл чарбасы менен мамлекет бутуна турабыз десе, совет убагындагы системаны кайра жандандыруу керек. Ар бир айылга билимдүү агроном болушу шарт. Азыр канчалаган жерлер иштетилбей бош жатат. Ар бир дыйкан чөптү өзү каалаган учурда чаап алат. Жыйынтыгында түшүмдүүлүк аз болуп бара жатат. Түшүмдүн жакшы болуусуна аарылардын ролу абдан чоң.
Иш болгон учурда чыгаша да сөзсүз болот. Мындан 6 жыл мурун Ат-Башы районундагы дыйкандар талаага чегирткеге каршы дары себишкен. Бизге алдын ала районго 2 жумага чейин келбей турушубузду эскертишкен. Биз 3 жумадан кийин көчүп келсек да, аарыларыбыз ууланып өлүп калган. Мендеги 70 челектеги аарылардын бири да калбай калган. Кайра башынан баштап, улантып кеттим», - деди ал.