Turmush — Директорлор кеңешинин чечими менен «Түндүкэлектр» ААКтын Талас филиалынын аткаруучу директору болуп Дурусбек Рахманов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, эмгек жамаатка жаңы жетекчини «Түндүкэлектр» ААКтын башкы директору Нурдин Осмонов тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.
Буга чейин Д.Рахманов «Жалалабатэлектр» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп иштеп келген. Ал эми «Түндүкэлектр» ААКтын Талас филиалынын мурунку аткаруучу директору Нурлан Сатыбалдиев «Жалалабатэлектр» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалганы белгилүү болду.
Рахманов Дурусбек Ашимович 1971-жылы 16-июнда туулган. Билими жогорку, 1994-жылы Саратов техникалык университетин инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн.