Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын 27 жаштагы тургуну Догдурбек уулу Бекжан үй-бүлөсү менен жардамга муктаж. Аны менен аймактык кабарчы маек круду.
«Өзүм Бөкөнбаев айылында төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө үч бир тууганмын. Учурда ушул эле айылда жашайм, бирок бир айдан бери Бишкек шаарындамын. Мен туруктуу жумушта иштебейм. Ар кимдин жумушун жасап иштейм, бирок оор жумушка жарабайм.
Кичинекей кезимден бери эле далымда сөөк чыгып турат. Мага 2-топтогу сколиоз (омуртка тутумунун кыйшайышы ) диагнозу коюлган. Буга чейин таптакыр ооруканага көрүнгөн жокмун, шартыбыз жок болуп. Атам-энем да оорукчан, баштары ооруйт.
Жумуш чыгып калса, барыбыз ар кишинин жумушун жасап картошкага чыгабыз. Бир тууган эжемдин акылы кыска, церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен жабыркайт. Ооруп калса эле качып, жоголуп кетет.
Бизге айыл өкмөтү тарабынан жер берилген. Ошого там салып, эл катары жашасак деп кыялданам. Мен да башка балдарга окшоп, үйлөнүп жашагым келет. Азыр тууганыбыздын үйүндө жашайбыз, анын оокатын жасап беребиз. Жөлөкпул (пособие) алабыз, бирок ал акча эч нерсеге жетпейт», - деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн:
Оптима Банк: 9417 7489 3828 1153
ЭЛСОМ: 0708940510