Turmush — Жалал-Абад шаарынын 24 жаштагы тургуну Каникей Азаматова кичи бизнес түптөдү. Ал бул ийгиликке кантип жеткенин Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинде эле ата-энеси эки башка жолго түшүп, кыйынчылыкта чоңойгон.
«Жалал-Абад шаарында төрөлүп, өстүм. Бала кезде эле ата-энем эки ара жолго түшүп, мен тай энемдин колунда чоңойгом. Кийинчерээк мектепти аяктап, калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде укук таануу бөлүмүндө билим алгам. 19 жашымда турмушка чыгып, турмушум болбой, эки жолго түшкөнбүз. Кош бойлуу мезгилимде жалгыз калдым. Ал учурда менден кичүү сиңдилерим бой жетип келе жатандыктан элдин «тигинин кызы жолдошунан ажырашып келип алыптыр» деген сөзү уят катары көрүнүп, үйгө барган жокмун. Өзүм эки кат болуп жүргөн чагым, Жалал-Абадда бала карап, үй жумуштарын жасап, акча таап, жашап жүрдүм. Ал арада көз жарып, баланы үйгө сиңдилериме таштап, кафе-ресторандарда идиш жууп, официант болуп дагы иштедим. Бирок ошол убакытта бир окуя мени жашоомду өзгөрттү», - дейт ал.
Ишкерликти жаңы баштап, бир нукка түшүрүп алганга чейин кеңседе жашап, кичинекей кызын кээде гана көрбөсө, адатта түндү ый менен өткөргөн күндөрүн эстеди.
«Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жылы дүйнө жүзүн коронавирус илдети каптап, биздин өлкөдө да карантик чаралар күчөтүлүп, көп чектөөлөр коюлуп калды. Ага чейин кафелер иштеп турган учурда күнүмдүк болсо да каражат таап турчумун. Кийинчерээк иш жок, жарнама берип, үйлөрдү жыйнап, чөбүн оруп , үйүн актап, тиричилик кылып баштадым. 2021-жылы кыш айларында Инстаграм социалдык тармагынан баракча ачып, өз жумушумду соцтармак аркылуу алып бара баштадым. Ошол учурда кардарлардын дээрлик 80%ын Инстаграмдан таптым десем болот.
Жумушумду жаңы баштаганда кеңседе 2 ай жашоого туура келди. Себеби колумда саналуу эле акча бар, ал каражатка имараттын ижарасын берип, артканына тазалоого керек болгон буюм-тайым, каражаттарды сатып алгам. Каражаттын аздыгынан батир табуу өтө кыйын болду. Жумуш оор болгондуктан колум ооруганынан уктай алчу эмесмин. Таң эрте жумушка кетип, кеч келген үчүн кызымдын уктап жатканын эле көрчүмүн. Кээде кызымдын жанына жатып, кучактап ыйлаган күндөр болду. Анткени анын чуркап-басып жатканын күндүзү көрө албай калып, жанында көбүрөөк боло албай жатканыма ыза болуп кетет элем.
Азыр менин эң чоң кыялым үйлүү болуу. Кызым мектепке баргыча үй алып калсак экен деген тилек менен жашап жатам. Бизден кийин шаарыбызда 10 чакты клининг компания ачылды. Атаандаштык да чоң күч, мотивация берет экен», - дейт ал.
Мындан сырткары Каникей ишкердикти жаңы баштаган жалгыз бой энелер абдан көп экенин, алар эң башкысы эч качан сынып калбай, күчтүү болуусуз зарыл экенин кошумчалады.