Turmush — 15 жашынан мал чарбачылыгынын сырын өздөштүргөн Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Тельман айылынын 33 жаштагы тургуну фермер Кайрат Эсенбеков жылкы, бука багып, алардын санын көбөйтүүнү көздөдү. Анын жашоосу, тоо этегиндеги айылдык жаштарга үлгү болгон сапаттары менен аймактык кабарчы таанышты.
«Айылда жашоо мен үчүн өзүнчө эле рахат. Жылдыз тарагандан баштап кайрадан асманда жаркыраганга чейин тоо боорунда мал чарбачылыгы менен алекмин. Азыр жашым 33төмүн. 15 жашымдан баштап мал чарбачылыгынын сырын өздөштүрүп келем. Жаз алды менен базардан 60-70 миң сомдон жылкы, бука алып, аларды жайлоодо багып семиртип, кеч күздө 150- 200 миң сомго чейин кайра сатам. Ал эми өтө жетиле элегин кышы менен багам. Кыскасы, сатып алам, сатам, багам. Бул жыл бою токтобогон эмгек. Туура, ар бир иштин кыйынчылыгы да болот. Өзүмдүн эгин талаам аз эле болгондуктан, кышкы тоют да сатып алам. Ошентип, 18 жылдан бери мал артындамын», - деди ал.
Ал жайлоодогу жайыт жөнүндө да сөз козгоп: «Кичи мекеним Тельман айылы — жараткан элге ыроологон бейиш жер. Тоо этегинде айылдан төмөн жакты толук көрүүгө болот. Абасы таза, суусу тунук. Ушундай жерде жашап, мал чарбачылыгын өздөштүрүп келем. 15 жылкы, 15 бука, уйларымдын санын дагы көбөйтүүнү көздөп жатам. Себеби, жайытыбыз кенен. Ал эми айрым учурда өзүмдүн тулпарым менен көк бөрү да тартам. Баса, өткөн жылы жакшы атымдын кабарын уккан сокулуктук улакчы мени издеп, үйүмө чейин келип, 350 миң сомго тулпарымды суранып жатып алып кеткен», - деп кошумчалады.