Turmush — Ысык-Көл облусунда Түп—Кеген унаа жолунда курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Санташ айыл аймагынын Сары-Тологой айылынын башчысы Руслан Абдыкеримов билдирди.
Сөз унаа жолдун Сары-Тологой айылындагы 39-76-чакырымдары тууралуу болуп жатат.
Айыл башчынын айтымында, 14-июль күнү Түп районунун акими Каныбек Адиев Транспорт министрлигинен келген өкүлдөр жана кытайлык «Чайна Роуд» жол куруу компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү жол куруу ишканаларынын жетекчилиги менен бирге алдыда аткарыла турган иш пландар менен таанышышты. Жол курууга керектелген техникалар тартылды.
«Бүгүндөн баштап Түп—Кеген жолун салуу иштери толук кандуу башталды», - деди Р. Абдыкеримов.
Жол курууга 55 млн доллар сарпталат. Бул сумма Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланат.