Turmush — Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Шаршеев Бакыт Октябрович Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бүгүн, 15-июлдь күнү жаңы дайындалган мэр мэриянын жамаатына, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине, шаар активине тааныштырылды.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева мамлекет башчысынын тескемесин окуп, Бакыт Шаршеевди куттуктады. Катышуучулар Бакыт Шаршеевди жаңы кызмат орду менен куттукташып, жылуу тосуп алышты.
Буга чейин Балыкчы шаарынын 33 жаштагы мэри Сыдыков Аманат Калыбекович ээлеген кызматынан бошотулган.
Бакыт Шаршеев «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.