Turmush — Бишкекте Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын (КР) коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан КРдин Министрлер Кабинетинин колдоосунда ишке ашырылган «Айылды инвестициялоонун» үчүнчү долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага президенттин аппаратынын туруктуу өнүгүү максаттары, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен алака түзүү, донордук жардамга жана гранттарга мониторинг жүргүзүү жана саясий жана экономикалык изилдөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыков, КРдин каржы министринин орун басары Руслан Татиков, президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви, бир катар мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, райондук администрациялардын башчылары жана өнөктөштөр болуп, 300 дөн ашык адам катышты.
Аталган долбоор Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомчулуктардын дараметин жогорулатуу, айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтуу максатында ишке ашырылган.
«2003-жылдан тарта Дүйнөлүк банк АРИС менен биргеликте айылды инвестициялоо долбоорун ишке ашырып, эң мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алдык. Биз долбоорду андан ары каржылоо маселесин ойлонуштуруп жатабыз. Кийинки долбоорлор дагы кыргыз элине пайдалуу жана керектүү болот деп ишенем», - деди Навид Накви.
Конференцияда белгиленгендей, долбоордун алкагында бардыгы болуп 171 объект, анын ичинен:
- Чүй облусунда 180,4 млн сомго 46 объект;
- Талас облусунда 153,1 млн сомго 40 объект;
- Нарын облусунда 146,3 млн сомго 47 объект;
- Ысык-Көл облусунда 210,5 млн сомго 38 объект ишке ашырылган.
Белгилей кетсек, ар бир айылдык аймактан объекттерди куруу жана оңдоо боюнча көрсөтүлгөн долбоордук сунуштар тиешелүү тандоо этаптарынан өткөн.
Долбоордун максаттарына жетүү үчүн социалдык мобилизациялоо жана дараметти жогорулатуу боюнча 7500 ашык иш-чара уюштурулуп, ага 467 900 адам катышкан. Ал эми окутуулардын натыйжасында 266 айыл аймагына жергиликтүү аймакты өнүктүрүү стратегиялары жана инвестициялык пландар иштелип чыккан жана жергиликтүү бюджеттерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтүлгөн. Ошондой айыл профайлдары түзүлгөн жана долбоорлор/микродолбоорлор үчүн социалдык инфраструктуранын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жардам берилген. Анын натыйжасында сынакка 1000ден ашык долбоордук сунуштар келип түшкөн.
Коомчулуктарга долбоордун ишмердүүлүгү жана жол-жоболору жөнүндө онлайн окутуу максатында АРИС аралыктан окутуу кабинетин ишке киргизген жана онлайн-платформасын иштеп баштаган.
Дагы бир алгылыктуу жетишкендик — АРИСтин сайтындагы онлайн ГИС карта. Анда ар бир адам АРИСтин долбоорлору, анын ичинде «Айылды инвестициялоо» долбоору ишке ашырган объектилер боюнча маалыматты онлайн ала алат.
Иш-чаранын катышуучуларына долбоордун ушул жана башка жетишкендиктери тууралуу презентациялар жасалды. Долбоордун жыйынтыктоочу конференциялары Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында дагы уюштурулат.