Turmush — Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын ротациялоо боюнча жарлыгына ылайык, жергиликтүү соттордун айрым судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.
Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча 84 судья эмгектенип келет. Анын ичинен 57 судья Бишкек шаарынан, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан ротацияланып келген.
Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, азыркы тапта судья кызматы боюнча бош орун жок.
Жайыл райондук сотуна ротация жолу менен которулуп келген судьялар:
1. Төрага Матенов Таалайбек Убанкожоевич Ош шаардык сотунан;
2. Кангелдиев Калыйнур Ратбекович Жалал-Абад шаардык сотунан;
3. Жоробаева Гүлнархан Чырмашовна Өзгөн райондук сотунан;
4. Жолчу кызы Сапаргүл Сузак райондук сотунан;
5. Жороев Эльдияр Жолборсбекович Базар-Коргон райондук сотунан;
6. Сооронбаев Нурланбек Курманбекович Кара-Суу райондук сотунан келди.