Turmush — Рысбек Шейшенов Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 1-июлда кол коюлган.
Шейшенов Рысбек Таалайбекович 1994-жылы 22-майда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Ал буга чейин Москва райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы болуп эмгектенген.