Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында мөндүр аралаш жамгыр жаады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, бүгүн, 13-июлда түштөн кийин Челпек айыл өкмөтүнө караштуу Бурма-Суу айылында жарым сааттай мөндүр аралаш жамгыр жааган.
"Катуу жамгырдан кийин суулар арыктан ашып, кээ бир үйлөрдүн короосун, көчөлөрдү каптады. Айылдын четиндеги айылдашыбыздын картошкасын сел каптап кетти. ӨКМдин кызматкерлери келип, көрүп кетишти", - деди жашоочулар.