Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка айылынын 42 жаштагы тургуну, фермер Александр Бугачев өткөн 2021- жылга караганда арпанын гектарынан 3 эсе жогору 45 центнерден түшүм алууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы эгин талаасында фермердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
«42 жаштамын. Көп жылдан бери мал багып, айыл чарба жумуштары менен алектенем. Албетте, бир топ тажрыйба топтодум. Үстүбүздөгү жылы 70 гектар жерге арпа, беде жана башка өсүмдүктөрүн өстүрүп, сапаттуу мол түшүм алууну көздөп жатам. Арпанын "Вакула" сортун өстүргөм. Буюрса, ар гектарынан 45 центнерден түшүм алам деген оюм бар. Өткөн жылы кургакчылык, сугат суу боюнча көйгөй жаралганданбы, ар гектарынан 15 центнерден гана түшүм алсам, быйыл андан 3 эсе жогору болот. Анткени, арпанын өсүүсү, жетилүүсү жакшы.
Эгин талаасына өз мезгилинде суу берип, дарылап дегендей түрдүү иштер менен күн кечирип келем. Баса, арпанын жазда пайда болуучу кара көсө оорусу болот. Аны жок кылуу үчүн дарылоо зарыл. Ушундай иштерди аткарууда дыйкан аргоном да болуусу шарт. Элде "Айылда жашасаң, техниканы башкара бил" деген сөз бар эмеспи. Дегеним, фермерлик иште дыйкан, сугатчы, түнкү күзөтчү, агроном, айдоочу, сатуучу жана башка кесипкөйлүк керек экен. Булар менде бар», - деди фермер.
Ал өз сөзүндө айыл чарба жумуштары менен гана чектелбестен породалуу сүт жана эт багытында уй, бука багып жатканын да кошумчалады.
Ал эми райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Узакбек Саралаев: «2022-жылы район боюнча дан эгиндери 33 миң 29 гектар аянтка өстүрүлгөн. Учурда бардык аймактарда түшүмдүүлүк жогору экендиги жөнүндө маалыматтар бар. Биз ал маалыматтарга талдоо жүргүзүп, өткөн жылдарга салыштырып, анализ-синтездөөдөбүз», - деди.
Райондо 12 айыл аймагында жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен эмгектенет.