Turmush — Кыргызстанда күнөскана иштетүүгө кызыккандар көбөйдү. Чакан күнөсканадан кризис шартында үй-бүлөлүк бюджетке тыгынчык болот. Кочкор районуна караштуу Кызыл- Дөбө айылынын тургуну Атыркүл Абдиева үй-бүлөсүн коопсуз азыктар менен камсыздоо үчүн чакан күнөсканага жашылчаларды айдап алган.
Ал үч жылдан бери өзү өстүргөн жашылчаларды колдонуп келе жатат.
«Адамдын ден соолугу жеген тамагынан көз каранды. Учурда жаш балдардан бери аллергия болуп жатышат. Бул ар кандай химиялык дарылар менен өстүрүлгөн тамак-аштардан болуп жатат. Күнөсканага помидор, бадыраңды өстүрүп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Эч кандай дары чачылбагандыктан даамы өзгөчө сонун болот. Базардан помидор, бадыраң сатып жегин келбей калат экен. Анын үстүнө азыр баасы да кымбат болуп кетти. Биз жак суук болгондуктан, күн салкындап баштаганда жашылчаларымды гүлдүн челегине салып, үйгө коюп алам. Январь айына чейин түшүм бере берет. Күнөскананы жыл бою иштетүү планым бар. Бирок бардыгы каржы маселесине барып такалат», - дейт Атыркүл Абдиева.
Каарманыбыз аарычылыкка да кызыгып жүргөн.
«Учурда аарычылык жакшы өнүгүп баштагандыктан, бул тармакка кызыгып жүргөм. Айыл өкмөткө келген долбоор менен 25 бал челекти өздөштүрүп жатам», - деп кошумчалады ал.