Turmush — Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну Каныбек Өмүрбаев чоң көлөмдөгү карагаттарын сатыкка чыгарып, көпчүлүктү таң калдырууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
К.Өмүрбаев 20 жылдан ашык убакыттан бери жер иштетип келет. Ал эки жыл мурда полский сортундагы карагаттарды жер тилкесине отургузган.
«Мен долбоор менен иштеп, 10 сотых жерге полский карагаттын 3 түрүн отургуздум. Отургузуп жатканда малдын кыгын алдына салдым. Быйыл түшүм берип баштады. Эч кандай жер семирткич же химиялык заттарды колдонгон жокмун. Карагаттын данынын чоңдугу 1 сомдук тыйындай болуп жатат. Базарда жөнөкөй карагаттын бир килограммы 120 сомго чейин бааланса, биздикин келинчегим 140 сомдон дүңүнөн сатып келди. Кызыккандар арбын», - дейт ал.
Дыйкан өстүрүп жаткан карагатынын өзгөчөлүгүн да айтып берди.
«Жергиликтүү карагаттан өзгөчөлүгү — даны чоң жана ширелүү, таттуу болот экен. Колду кармап, жумуш талап кылбайт. Органикалык жол менен эле өстүрүп жатабыз. Келечекте жок дегенде талаага, 1 гектарга чейинки жерге карагат отургузсамбы деп ойлонуп жатам. Бул карагаттар "Маман-Органик" кооперативинин жардамы менен долбоор алкагында бизге берилгендиктен, калемче кылып, көчөттөрүн айылдагы дыйкандарга берип жатабыз. Түшүмүн жыйнап бүткөндөн кийин калемче кылып сабактарын кесип алып, көчөт отургузабыз. Жазында дагы айылдаштарга бекер берип, карагаттын көлөмүн арттырабыз», - дейт Өмүрбаев.
Ал карагат менен катар эле мышык тамыр да өстүрүп келет. Анын кирешеси дагы жакшы.