Turmush — Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун кеңешчиси Муратбек уулу Азамат Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Айылдык кеңештин төрайымы Гүлбарчын Самибаеванын айтымында, ал Акылбек уулу Бакайдын ордуна келди.
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 4-ноябрь күнү Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн. Анда Акылбек уулу Бакай 316 добуш алып, айылдык кеңешке депутат болуп шайланган. Ал шаарда туруктуу жашагандыктан, өз арызы менен мандатын тапшырып кетти. Анын ордуна Актан Чылымов келмек. Бирок, ал өз арызы менен мандаттан баш тарткандыгына байланыштуу Муратбек уулу Азамат мандатка ээ болду. Ал 210 добуш алган.