Turmush — Кечээ, 30-июнь күнү Талас шаардык жана Талас райондук билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка караганда, жаңы жетекчи Борончу Өмүрканов 1974-жылы туулган. Ал буга чейин Талас облустук билим берүү бөлүмүндө иштеп келген.