Turmush — Каракол шаарынын тургуну Бексултан Мухамедов комузда кол ойнотуп, шаардагы маданий иш-чараларга активдүү катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Мухамедов Бексултан Мелисович 2002-жылы 17-декабрда Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Кыргыздын улуттук аспабына болгон кызыгуусун классташы ойготконун айтат.
«Бала кезимден эле музыкага болгон кызыгуум бар эле. Мектепте окуп жүргөн убакта да ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, ырдап жүрчүмүн. Комузга болгон кызыгуум 7-8-класстарда ойгонду. Классташым Бейшенов Тимур ошол убакта комуз ийримине барчу. Ал кээде сабакка комузу менен келип, бизге ар кандай кооз күүлөрүн чертип берчү. Ошондон улам комузга кызыгып, окуп калдым. 9-классты бүтүрүп, Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайга комуз бөлүмүнө тапшырдым. Тимур да бул бөлүмгө тапшырып, экөөбүз эми тайпалаш болуп калдык. Алгач Гүлмира Өмүралиева эжеден сабак алдым. Сабак абдан кызыктуу болуп, бул кесипти тандаганыма дагы да кубанып, сыймыктанып келем. Анткени комуз күүсүн жактырбаган кыргыз болбосо керек. Эжей кооз, мукам күүлөрдү үйрөттү», - дейт ал.
Жаш талант комузчу Дүйшөнбек уулу Закирбектин комуз черткенин жактырарын айтты.
«Негизи адам алдыга гана умтулушу керек. Мен да мыкты комузчулардын таланттарын көп көрөм. Алардан сабак алам. Комузду дайыма барктап келем. Негизи ар бир кыргыз үйүндө комуз илинип турса дейм. Бул биздин тарых, маданият. Ал аркылуу кыргыздын тарыхы уланат», - дейт ал.
Мындан тышкары Бексултан аккардион чертүүнү да өздөштүргөн.
«Үй-бүлөбүз да чыгармачылыкка жакын. Ата-энем экөө тең ырдайт. Апам мен окуп жаткан музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүн аяктаган. Мен алардын жолу менен, алар басып өткөн жол менен жүргөмө сыймыктанам. Бир кезде алардын чыгармачылыгына себепкер болгон окуу жай дубалдары азыр менин үнүмдү угуп, менин чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө күбө болуп жатат», - дейт ал.
Бексултан учурда 4 курста билим алууда. Бул убакта студенттик кызыктуу күндөрдү баштар өткөрдү.
«Кызыктуу күндөр коп өттү. Шаардагы маданий иш-чараларга көп катышып, тойлордо кызмат кылдык. Ошондой эле дайыма шаардын тазалыгына да салым кошуп келебиз. Биринчи жолу тазалык акцияга чыкканыбыз эсимден кетпейт. Шаарды тазалап, таштанды тердик. Ошол аймактын чөбүн да чаптык. Анан чогулган таштандыларды өрттөп коюп, кетип калдык. Эртеси келсек, ал жерде өрт болуп, жакын турган унаа токтогон гаражга да жабылыптыр. Ошондон кийин таштандыны өрттөнгөнгө болбосун, анын экологияга тийгизген таасири тууралуу кенен маалымат алдык», - дейт ал.
Жаз комузчу бош убактысында сууда сүзүп, футбол, бильярд ойногонду жакшы көрөт. Ошондой эле күрөштүн самбо түрүнөн ар кандай мелдештерге катышат.