Turmush — Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы 1928-жылы негизделип, калктуу конуш катары 1935-жылы уюшулган. 1954-жылга чейин Эмгекчил артели, 1954-1956-жылдары Г.Маленков атындагы колхоз, 1956-жылдан тартып Эмгекчил айылы деп аталган.
Райондун административдик борбору Нарын шаарынан 26 чакырым, Балыкчы темир жол бекетинен 160 чакырым алыста жайгашкан.
Айылда орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, 2 китепкана, спорт комплекси, фельдшер-акушердик пункт орун алган. Аны менен катар 1994-жылдан бери «Солтон-Сары» алтын комбинаты алтын өндүрүп келет. Учурда айылдын 1 жылдык бюджети 11 млн 385 миң сом болсо, анын 70 пайызы тоо-кен тармагынан түшөт. Тактап айтканда, Солтон-Сары алтын кени айылдын социалдык, экономикалык абалын жакшыртууда зор салым кошот.
Айылда жүндү кайра иштетүүчү, кир самын чыгаруучу жана тигүү цехтери орун алган. Бул жылы чет элдик жана ички туристтерди кабыл ала турган эс алуу жайы курулганы турат. Мындан тышкары курулуш материалдарын чыгаруучу цех ишке берилет.
Айылдагы элдин саны — 3404 адам, ал эми кожолуктун саны — 674.
Айыл аксакалы Эрменкул Узакбаевдин айтымында, илгери Эмгечил айылы Кыз-Мазар деп да аталган. Кийин Г.Маленков атындагы айылы болгон.
«Райондо эмгектин өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү чоң болгондуктан Эмгекчил деп аталып калыптыр. Ал кезде эмне, мындай техникалар жок. Соко менен жер айдашчу. Анан түшүмдү кол менен оруп келип, кырман чаап, темин (жыгачтан жасалган буюм) бастырчубуз. Мен бала кезимде темин минип, теминге бастырып калдым. Андан кийин өгүз менен чийне чаап, чөп жыйнап калдык. Ошондо 49-50-жылдар болчу. Андан кийин техника, комбайн, тракторлор келип, бара-бара жакшырып кеттик.
Ал эми Солтон-Сары кенинен алтын өндүрүү 1960-жылдары башталды. Анан комбинат курулуп, бирок алтын жок деп жаптырып кетишкен. Кийин кайра ачылып, айылдын эли алтын «чайкап» калышты. Азыр ошону менен эле жашап келе жатабыз. Жашообуз жакшы, балдар багып жатат», - дейт Эрменкул аксакал.
Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бектуровдун айтымында, айылда элдин 80 пайызы дыйканчылык менен алектенишет.
«Дотациянын деңгээли 30 пайыздан ашып келген болсо, акыркы жылдары анын көлөмү 70 пайызга кыскарган. «Солтон-Сары» кен казуу ишканасында 70ден ашуун жергиликтүү тургун иштейт. Айылдагы 2 гектар жер кыш чыгаруучу завод куруу үчүн берилип, анын курулушу башталуу алдында турат. Айылыбызда башкаларга салыштырмалуу бюджетибиз жакшыраак. 2022-жылдын бюджети 11 млн сомдон ашты.
Уйдун саны 2391, койдун башы 12048, жылкынын саны 1700 чакты. Мурдагыга салыштырмалуу айылыбыз өнүгүү жолунда. Азыр бодо, ири мүйүздүү малдын саны көбөйгөн. Айылда көпчүлүк эл дыйканчылык менен алектенишет. 1991-жылы ар бир кишиге 80 сотыхтан жер тийген», - дейт Бектуров.
Айылдын тургундарын сугат суу менен камсыздоочу Эчки-Башы каналы долбоор аркылуу 35 млн сомдун тегерегиндеги каражатка толугу менен оңдоодон өткөн. Айыл эли буга чейин огород жана сугат жерлерин сугаруудан бир топ эле кыйналып келишкен. Аталган канал аркылуу сугарылган 1180 га жер жана суу жетпеген 300 гектар жерге бүгүнкү күндө суу тартылып, сугат суу тартыштыгы жок. Адистер белгилегендей, айылда учурда суунун агып келген көлөмү жакшы. Аны менен бирге айылда жаңы түптөлгөн конуштарга учурда электр жарыгы тартылып, таза суу түтүктөрү жеткирилген. Мындан тышкары аларга барчу жолдорго кум, шагыл төгүлүп, жол салынып жатат.
Айылдагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектепте жалпысынан 600дөн ашуун окуучу билим алса, 120 орундуу «Эмгекчил келечеги» бала бакчасы учурда оңдоп-түзөөдөн өтүп, шарттары жакшыртылууда.
2013-жылы 5 млн сомго 300 орундуу Абдылда Өскөнбаев атындагы айылдык маданият үйү түптөлгөн. Учурда маданий иш-чаранын баары дал ушул жерде белгиленет.
Ал эми элдин саламаттыгын карап, аларга кам көргөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 дарыгер, 4 медайым жана 1 кенже кызматкер иштейт. Алар 3 миңден ашуун элди тейлейт.
Акимша Мамытов атындагы айылдык китепканасы 1945-жылы уюшулган. Алгач Кызыл-Октябрь китепканасы болуп ачылып, кийин А.Мамытовдун ысымы берилген. Учурда китеп фонду 7980 китепти түзөт.
Айылда маданияттын бир бурчун көтөрүп, ички экономикага да салымын кошуп жаткан чебер уздар бар. Алардын бири — Жыпаркүл Байтерекова. Анын колунан жасалган кийиз баш кийимдер, бут кийим жана чокойлор чет элдик туристтерди өзүнө тартып турат. Ал үйүнүн бир бөлмөсүн тигүү цехи кылып ачып, келини менен бирге жумуш орундарын түзгөн. Бул цехте буйрутма менен кышкы күрпөлөр, спорттук кийимдер тигилет. Жыпаркүл Байтерекованын айтымында, үйү бул ишмердүүлүк үчүн тардык кылат. Мындан улам ал өкмөттөн колдоо күтөт.
Эмгекчил айылынан бир нече атактуулар чыккан. Алардын айрымдарына токтололу:
- Кыдырназар Ботугуров чарба башчысы болгон, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жетимдерге, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берген.
- Академик Үсөн Асанов;
- Медицина илимдеринин кандидаты, КРдин эмгек сиңирген дарыгери, саламаттыкты сактоонун отличниги, акын Касымбек Тазабеков;
- Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылдабек Чынгышов;
- Коомдук ишмер Муканбай Курманкожоев;
- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркинтур Молдогазиев;
- Мурунку Жогорку Советтин депутаты Асанакун Токтоев;
- Нарын районунун 1997-2000-жылдардагы акими, маркум Казыбек Деркембаев;
- Белгилүү нейрохирург, маркум Бектемир Мукамбетөмүров;
- Эмгек сиңирген дарыгер, маркум Марипа Мукашева;
- Ат-Башы районундагы мурунку райком жетекчиси, маркум Сыдык Чаначев;
- Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеев;
- Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева;
- Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы жана обончу Кенже Көбөкова;
- Маданият кызматкери, «Кыз-жигит» сармерден оюнунун уюштуруучусу Сагын Ниязалиева;
- Бишкек жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору Эсенбек Кылжыров;
- Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбеков;
- Нарын райондук кеңешинин төрагасы Мукамбетаалы Курманкожоев;
- Ак-Талаа районунун акиминин мурдагы орун басары Жылдыз Мамбетова;
- Маданияттын мыкты кызматкери Жумабек Мадемилов;
- Меценат Төлөбек Кобукеев;
- СССРдин жана Кыргыз Республикасынын журналистер союзунун мүчөсү Турганбек Шайыков;
- Токторбай Бектурганов 26 жашында башкарма болгон. Кийин бир катар мекемени жетектеп, колхоздо эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн;
- Белгилүү саяпкер Оболбек Мамытов;
- «АКИpress» маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Марат Тазабеков.