Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айыл аймагында жайгашкан Качыбек атындагы орто мектебинин директору Данияр Аманкалыев 38 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-июнь күнү саат 13:00 чамасында Д.Аманкалыев мектепке бара жаткан. Жолдон автоунаасын башкара албай, Качыбек айылынын четинде жайгашкан Комсомол каналына түшүп кеткен.
Айылдаштарынын айтымында, ал 1 жылга жакын убакыттан бери жүрөгү ооруп жатканын айтып жүргөн.
Кырсыктын кесепетинен мектеп директору ошол жерден жан берген. Ал 17 жыл билим берүү тармагында иштеп, акыркы 12 жылдан бери Качыбек атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенип келген.
Артында апасы, жубайы жана төрт баласы калды. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы бүгүн, 24-июнь күнү Ак-Чий айылында өтөт.
«Данияр айылга таза суунун киришине, жаӊы мектептин имаратынын курулушуна, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, заманбап техникалар менен жабдууга өз салымын кошкон», - деп эскеришти айылдаштары.