Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Айдана Канатбекова виолончель аспабында ойноп, оркестрдин курамында көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Жаш музыкант менен айматык кабарчы маек курду.
Канатбекова Айдана Канатбековна 2002-жылы 6-майда Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөдө 6 бир тууган. Үй бүлөсүнөн бир мыкты чыгат деген ырымды кармап, ошол мен болсом деп аракет кылат.
«Кичинекей кезимде, эл арасында орду бар көрөгөч карыя апама кайрылып, "Сенин балдарыңдын арасынан бирөөсү кыйын чыгат. Жогорку билимге ээ болуп, силерди эч нерседен кем кылбай багат" деген экен. А мен дайма ошол карыя айткан баласы болгум келчү. Чоң атанын сөздөрү мага чоң түрткү берип, мектепте 11-класска чейин "эң жакшы" деген бааларга окудум. Азыркы тапта дагы окуу жайда жалаң "5" деген баага окуп келем», - деди ал.
Учурда 3 аспапта кол ойнотууну Ыбрай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынан үйрөнүүдө. Аталган окуу жайдын 2-курсунун студенти.
«Кызыккан нерселерим көп. Ошондуктан убакытты туура пайдаланууга аракет кылам. Көбүнчө убактымды окууга сарптайм. Сүрөт тартканды, ырдаганды жакшы көрөм, ар түрдүү таттууларды жасайм. Айрым учурда ыр жазам. Аткарган иштеримдин ийгилигин көрүү — мен үчүн чоң бакыт.
Учурда виолончель (чоң скрипка сыяктуу, төрт кылдуу смычоктуу музыкалык инструмент) менен катар комузда жана фортепианодо ойном. Виолончелдин башка аспаптардан өзгөчөлүгү — үнү адамдыкына окшош, кулакка жагымдуу жана уккулуктуу. Жогоруда аталган аспаптар аркылуу сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом», - деди ал.
Ал өзү билим алган окуу жайдын оркестринде ойноп келет.
«Жакын арада эле биз Бишкек шаарында уюштурулган эң алгачкы чоң оркестрдын курамында турган сынакка катышып келгенбиз. Ага катышып байгеге ээ болуш үчүн күчүбүздү аябай жумшадык. 3-орунга ээ болуп, 45 миң сомдук акчалай сыйлыктын ээси болдук. Аны менен катар Каракол шаарында түнкү музей акциясына катыштык. Чыгармачылык аркылуу бир топ жерлерди көрүп, ар кандай адамдар менен таанышууна түрткү болду», - деди ал.
Каарманыбыз Ыбрай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктаган соң Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окуусун улантууну көздөп жаткан учуру.