Turmush — Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Аман Иманбердиев атындагы көчөнүн жолунун жасалганына 1 жыл боло элек. Бирок айрым жерлери чөгө баштады.
Дал ушул көчөнүн тургуну Аман Дыйканбаев бул жол жасалып баштаганда тоң бар экенин эскертишкендигин айтты.
«Бул жолду жасап жатышканда биз кошуналар, баарыбыз тоң бар деп эскерткенбиз. Бирок, жол жасап жаткандар бирибиздин дагы сөзүбүздү уккан жок. Жыйынтыгы өзүңөр көргөндөй болуп турат. Чөгүп кетти, эми муну качан жасап беришет билбейм», - деди ал.
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Ырыс Мөндүрбаева бул жол «ШЕРА-Транс» ЖЧКсы тарабынан жасалганын айтты.
Ал эми Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Азим Алиев жол куруучулар жолду толук бүтүрүп, өткөрүп берише электигин билдирди.
Аман Иманбердиев атындагы көчөнүн 5 чакырым жолу Бишкек—Нарын—Торугарт жолунан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен жасалган.