Turmush — Кечээ, 22-июнь күнү Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирургия жана терапия бөлүмдөрүндө өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуу Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы аркылуу 2022-жылга карата түзүлгөн иш-чаранын негизинде Жумгал районунун Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндө жайгашкан ооруканада өткөрүлдү. Ооруканада иштеген кызматкерлерге ооруканада өрт кырсыгы жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурларда кандай аракеттерди жасоо керектиги түшүндүрүлдү.
Машыгууга жалпы 14 кызматкер,1 өрт өчүрүүчү автоунаа жана 1 авариялык куткаруу унаасы тартылып, аймактык ооруканадан 27 кызматкер катышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.