Turmush — Чүй облусунун Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун Сосновка айылынын бурулушунда тоют чөп жүктөгөн унаалар катар тизилип, тоют сатуучу жайга батпай калган айдоочулар, сатуучулар нааразы болушууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалым болгондой, аталган жайда атайын тоют сатуучу жер бөлүнгөн. Бирок, унаалар көп болгондуктан ал жайга батпай, жолдун 2 тилкесинде узун колонна жаралган.
«Акыркы күндөрдө тоют алуучулардан да сатуучулар көбөйдү. Туура, дыйканбы, фермерби, жеке ишкерби, айтор эгин талаасында эмгектенип, чөп өстүрүп, маңдай тер менен киреше табуу жакшы деңизчи. Бирок, бизге окшоп, алыс жактан келген тоют чөп сатуучулар аталган жайга батпай аргасыздан унаа жол боюна 2 катар болуп тизилип алдык. Ооба, өз районубузда деле сатсак болмок. Бирок, ал жерге кардарлар көп барышпайт. Негедир, баары ушул жакка, "Сосоновский поворотко" дешип келишет», - деди Панфилов районундагы айдоочулардын бири.
Ал эми чөптүн баасы жөнүндө: «Бир таңгак тоют чөптүн эң жакшысы 200 сом. Мен 120 сомго деле берем. Себеби, биринчи орум жана чөп өстүргөн жайды бошотуп, сугарып, 2 түшүмүн алышым керек. Ысыкта күтүп отургандан эмне пайда? Бизде өткөн жылдагыдай сугат суу тартыштыгы өтө деле жок», - деди экинчи айдоочу.