Turmush — Талас шаарынын 78 жылдыгын белгилөө иш-чарасы 10-июлга жылдырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-июнда Талас шаарына жана Талас облусуна 78 жыл толду. Шаардын 78 жылдыгын белгилөө алдыдагы «Куттуу элдин урааны Манас» аттуу республикалык фестивалга байланыштуу июль айына жылдырылды. Тагыраагы Талас шаарынын жана Талас облусунун 78 жылдыгы 10-июлда белгилене турган болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 10-июлдагы иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана спорттук оюндар өткөрүлөт. Концерт уюштурулуп, эстрада ырчылары келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.