Turmush — Жумгал районунда 5 уурулук фактысына шектелип жаш өспүрүмдөр кармалды. Бул боюнча Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-июнь күнү Жумгал районунун тургуну — 1986-жылы туулган К.А. арызы менен кайрылган. Анын айтымында, 7-июнь күнү үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз адамдар төшөктүн алдындагы 38 000 (отуз сегиз миң) сом акча каражатын уурдап кетишкен.
«Аталган билдирүү Жумгал РИИБ тарабынан каттого алынып, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал районунун тургундары — 2006-жылы туулган А.Ж. жана 2005-жылы туулган Б.К. шектүү катары кармалып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы шектүү жарандар мындан башка дагы 4 уруулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бүгүнкү күндө Жумгал РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.