Turmush — Токмок шаарынын Дубовицкая көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн артынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 22-июнунда Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө шаардын көчөлөрүнүн биринен адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Анын негизинде жерине ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып кетишкен.
Милиция кызматкерлери келгенде, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунун астынан 50 жаштардагы кишинин жансыз денеси табылган. Анын сыртынан кароо учурунда зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан өлүктүн өздүгү такталып, ал туруктуу жашаган жери жок, 1975-жылы туулган К.И. болуп чыккан.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.