Turmush — Москва районунун Ак-Суу айылында иштебеген маданият үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ипподромная көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен иштебеген маданият үйүнүн 48 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Кара-Балта шаарында аянтты 16 чарчы метр болгон сарай өрттөнүп кетти. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.