Turmush — Ош—Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы тилкесиндеги 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктан өспүрүмдөр жабыркады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол-транспорт кырсыгы, бүгүн, 23-июнда таңга жуук саат 5:30дар чамасында унаа жолдун 324-чакырымында болгон.
«Жалал-Абаддан Бишкек шаарын көздөй бара жаткан «Лексус ЛХ470» унаасы каршы тилкеге чыгып, өз жолунда Ош багытын көздөй келе жаткан «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Окуя болгон жерде Россия Федерациясынын 1995-жылы туулган жараны Э.А. (аял киши) көз жумса, айдоочу — 1980-жылы туулган Сузак районунун тургуну У.М. (эркек киши) Үч-Терек аймактык ооруканасында каза болду. Ал эми жеңил унаада жүргүнчү катары бара жаткан 2001-жылы туулган Кочкор-Ата шаарынын тургуну М.Г., Сузак районунун 2008-жылы туулган тургуну Үч-Терек аймактык ооруканасына жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.
Үч-Терек аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Мээримбек Орозовдун айтымында, жаракат алган жүргүнчүлөр хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.
«Бүгүн эртең менен саат 6:45тер чамасында тез жардам унаасы менен жол кырсыгынан жабыркаган 3 кишини алып келишти. Айдоочу ооруканага келер замат абалы начарлап, каза болду. Ал эми 2001-2008-жылдары туулган балдар денесинен жаракат алган. Азыр абалдары бир кыйла жакшы. Балдардын туугандары келип, алып кетишет экен. Алар келгенче хирургия бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат», - дейт башкы дарыгер.
Буга чейин ӨКМ Бишкек—Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгонун билдирген.