Turmush — Быйыл Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 5340 окуучу 11-классты аяктап, билим уясынан учуп кетишти. Алардын ичинен 241 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга талапкер болгон. Натыйжада 241 окуучунун ичинен 6 окуучу алдыга озуп чыгып, билим деңгээли аркылуу облустун намысын коргой алышкан. Алар:
- Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясынын окуучусу Салидат Жакыпбекова;
- Ак-Суу районунун Теплокюченка айылындагы М.Мамакеев атындагы мектебинин окуучусу Бегимай Турдубекова;
- Тоң районунун Шор-Булак айылынын С.Эркинбаев атындагы мектебинин окуучусу Нестан Самыйбекова;
- Жети-Өгүз районунун Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары — Гүлкайыр Токтомушева жана Алимбек Токтогазиев;
- Каракол шаарынын Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Азамат Саламатов.
Түп жана Ысык-Көл райондорунда артыкчылык аттестаттын алууга сынак тапшыргандар тийиштүү упайга ээ болбой калышкан. Ысык-Көл району боюнча 30 мектепте 11-классты 921 бүтүрүүчү аяктаса, Түп районунда 11-классты 777 окуучу аяктап, анын ичинен 16 окуучу артыкчылык аттестатына көрсөтүлгөн.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары алардын ар бири менен маек курушуп, өздөрү тууралуу жана келечекке койгон ой-максаттарын сурап билишти.
************
Жакыпбекова Салидат Акжоловна 2004-жылы туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.
«2022-жылдын кыш мезгилинде “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына болгон тестирлөөгө даярданып баштадым. Тест 4 предметтен (математика, орус тили, тарых жана химия) турган. Математика менин сүйүктүү сабагым болгондуктан, буга чейин эле даяр болчумун. Тарых жана химия сабактарына улуттук тестирлөө борбору тарабынан түзүлгөн тесттер аркылуу даярдандым. Даярдыктардын жүрүшүндө бул илимдерге мектепте көп көңүл бурбагандыктан, аябай кызыгып калдым. Суроолор ар кандай болду, бирок билимге болгон чаңкоомдун жана мугалимдеримдин аркасы менен бул сынактан ийгиликтүү өттүм», - деди ал.
Салидат өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгонун укканда, алгач кимге сүйүнчүлөгөндүгүн айтып берди.
«Жыйынтыгын улуттук тестирлөө борборунун сайтынан өзүм билип, дароо класс жетекчиге кабарладым. Ал абдан толкунданды. Анан өзүмдүн үй-бүлөмө айттым. Мага ишенген ата-энеме, бир туугандарыма, досторума, классташтарыма, мугалимдериме жана өзүмө чоң рахмат. Бардыгы мени кызуу куттукташты», - деди ал.
Жакыпбекова математика боюнча көптөгөн олимпиадаларга катышып, шаардык предметтик олимпиадаларда 1-орунду ээлеген.
«Негизи ЖРТга даярданууга болгон күчүмдү жумшадым. Сыноо тестинде максималдуу жыйынтык болжол менен 221 упай болду. Чыныгы ЖРТда дагы көп болот деп ишенем», - деди ал.
Учурда Салидат жашоосундагы эң маанилүү тандоонун алдында турат.
«Учурда окуу жайды тандай элекмин, бирок жакшы жана абройлуу университетке тапшырам деп ойлойм. Азырынча келечектеги кесибимди тандай элекмин, бирок бул экономика жана математика тармагына байланыштуу болот деп ойлойм», - деди ал.
Бүтүрүүчү бош убактысында үйдө отуруп, детектив, психологияны окуганды жакшы көрөт, ошондой эле сүрөткө түшүп, велосипед тепкенди жакшы көрөт.
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын тургуну Самыйбекова Нестан Төлөнбековна оодан боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жалгыз ээ болду.
«2011-жылы С.Эркинбаев атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 2022-жылы ийгиликтүү аяктадым. Чынын айтсам, бир жума гана даярданууга убактым болду. Ага чейин жыл ичинде олимпиадага, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрдүм. Бир жума ичинде жалпы 4 сабактын ичинен химия менен тарых сабагына гана улуттук тестирлөө борбору тарабынан түзүлгөн тесттер аркылуу даярдандым. Сынак жеңил да, оор да болгон жок. Химия жана тарых сабактарынан бир аз кыйналдым, бирок даярданганымдын үзүрүн көрдүм. Ата-энем да жанымда колдоп турганы үчүн баары жакшы болду деп ойлойм. 4-класстан бери ар түрдүү сынак, олимпиадаларга катышып келем. Эң алгач математикадан республикалык олимпиадага барганымда, Улуу Жеңиш күнүнө карата сүрөт тартуу боюнча 1-орунду алганым эсимде. Математика сабагы абдан жагат. Кошумча тарых сабагына кызыгам», - деди ал.
Нестан келечекте кайсы кесиптин ээси болууну каалай турганын айтты.
«Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчисимин. Атам Төлөнбек Эркимбаев жеке ишкер болсо, апам Жыпар Исабекова үй кожойкеси. Ата-энем билим алуубузга мыкты шарт түзүп берип, ар дайым колдоп турушат. Келечекте программист болгум келет. Ошондой эле бул тармактын мыкты адиси болуп, мекенибиздин билим берүү тармагына салым кошкум келет», - деди ал.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району боюнча 2021-2022-окуу жылында «Алтын тамга» аттестатына 23 окуучу арыз берген. Анын ичинен Теплоключенка айылынын М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Бегимай Турдубекова татыды. Аны менен аймактык кабарчы таанышып, бүтүрүүчүнүн алдыга койгон максаттарын укту.
Бегимай Турдубекова 2004-жылы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Ал беш бир туугандын экинчиси. Окуудагы ийгилигине ата-энеси себепчи болгондугун айтат.
«Мен мектепке бара элек кезимде эле «жакшы окуйм» деп айтчумун. Ата-энем билим алууга шарт түзүп беришти. Эч качан алар мени окуу деп кыйнашкан жок. Кеңешүү жана жардам берүү менен баардыгын "5" деген баага окудум. Эң жакшы көргөн сабактарым — математика, химия, тарых жана кыргыз тил сабактары. Математика жана кыргыз-тил сабагынан облустук, республикалык олимпиадага чейин катышып жүрдүм», - деди ал.
Бегайым «Алтын тамга» аттестатына тесттен өтүүдөгү сезимдери тууралуу буларды билдирди.
«Мен мектептин президенти болчумун. 11-класска көчкөндө, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын жана жалпы республикалык тестирлөөсүнө даярдануу үчүн президенттикти өткөрүп бердим. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүндө биз окуган программадагы эле суроолор берилди. Төрт сабактан тест бердик. Математика боюнча баам «4» болуп калдыго деп ойлоп, кыжалат болдум. Артыкчылык аттестатын аласың дегенде, үй-бүлөм да абдан кубанды. Аталаш бир тууганым да Москвада мектепти кызыл аттестат менен бүтүп жатыптыр. Экөөбүздүн багынткан ийгилигибизге туугандарыбыз кубанууда», - деди Б.Турдубекова.
Бүтүрүүчү келечекте котормочу болууну каалайт.
«Учурда немис тилин үйрөнүп, атайын ийримдерге катышып жатам. Аны менен бирге англис, түрк тилдерин да үйрөнүү үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырууну көздөп жатам. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Келечекте котормочу болуп, чет жерде тажрыйба топтоп, элиме кызмат кылсам дейм. Мен өңдүү алдыга максат коюп, билим уясынан учуп жаткан бардык бүтүрүүчүлөргө кыялынын орундалышын каалайм», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Ак-Суу району боюнча 11-классты 794 окуучу, 9-классты 1119 окуучу аяктап жатат.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 2 окуучу — Алимбек Токтогазиев жана Гүлкайыр Токтомушева татыктуу болду. Алардын бири менен аймактык кабарчы маек курду.
2021-2022-окуу жылында Жети-Өгүз районунан артыкчылык аттестатына 25 окуучу талапкер болгон. Анын ичинен тесттен ийгиликтүү өткөн Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Токтогазиев Алимбек Кумарбекович. Ал 2004-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу. Кичинекей кезинен окууга жана футболго кызыгып келет.
«Мектепте жалаң "5" деген баага окуп, кызыл аттестат менен бүтүрөм деп максат койгом. Ушул убакка чейин спортто да, окууда да көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Ысык-Көл облусунун футбол курама командасында 6 жыл ойноп, өлкөнүн 2 жолку чемпиону болдук. Математика сабагы боюнча олимпиадага катышып, облустук этапта IV орунга татыгам. Кызыккан сабактарым — математика, химия, биология жана англис тили», - деди ал.
Анын айтымында, ар бир мүнөтүн окууга арнаганга аракет кылган.
«Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө жана "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын сынагына даярдануу үчүн футболду убактылуу токтоттум. Ноябрь айынан баштап ар бир мүнөтүмдү окууга арнап жаттым. ЖРТда көбүнчө логикалык суроолор болгондуктан тестке өзгөчө даярдануу керек эле. Ал эми "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын сынагында биз мектепте өткөн сабактардын суроолору келди. Ошондуктан биз билген суроолор болуп, сынак жеңил болду. Жыйынтык чыкканда, мен Бишкек шаарында өтүп жаткан республикалык турнирде элем. Мага телефон чалышып, мугалимдер, ата-энем болуп абдан сүйүндүк. Артыкчылык аттестаты мага келечекте чоң пайдасын тийгизет деп ишенем», - деди ал.
Каарманыбыз кайсы окуу жайды жана кесипти тандаганын айтты.
«Келечекте медицина тармагында адамзатка пайдасын тийгизген адис болгум келет. Себеби азыркы тапта оору күчөп, дарыгерлер жетишсиз, стандарттуу караганда ар бир жаран медициналык камсыздандыруу алышы керек. Бирок бизде андай шарт жок. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүнө тапшырууну көздөп жатам. Учурда ЖРТнын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болгон инсандардын катарын толуктагым келет.
Ушундай ийгиликтерге жетишиме себеп болгон ата-энеме жана мугалимдериме ыраазычылыгымды билдирем. Мындан ары дагы алардын ишеничин актаганга, башка окуучуларга да үлгү болууга аракет кылам. Билим уясын таштап, өз алдынча жашоого узап кеткен бүтүрүүчүлөрдүн ар бири өзү каалаган окуу жайга тапшырып, өлкөбүзгө пайдасын тийгизген кесиптин ээси болушуна тилектешмин», - деп Алимбек маегин жыйынтыктады.
Быйыл Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы 10 мектепти 698 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен 49 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга талапкер болгон. Натыйжада №11 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Салидат Жакыпбекова менен К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов гана алышты.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Азамат Саламатов менен маек курду.
Азамат Саламатов 2004-жылы туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейин «5» деген гана баалар менен аяктап, учурда «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болуп отурат.
«Сынакта математика, тарых, химия жана орус тили сабактарынан тесттен өттүк. Биздин лицейде ушул 4 сабактан интенсивдүү программа берилип, атайын даярдыктакрды көрдүк. Мен үчүн эң кыйыны тарых сабагынан берилген суроолор болду. Өтө көп даталар, тарыхий инсандар башымда чаташып кетип жатты. Аз күндө тарых китебин толугу менен жаттап алыш кыйын. Бирок убакыт чектелүү болгондо, адам тездик менен өтө эффективдүү окуй алат экен. 6 жылдан бери жаттай албай жаткан тарыхты 4 күндө үйрөнүп алдым. Демек, адамдын мүмкүнчүлүктөрү өтө масштабдуу. Интернетте кыска убакыттын ичинде адамдан чет тилди өздөштүрүп алганын көрүп, же бир китепти жаттап алганын угуп, абдан таң калчумун. Ошентип 6 жылдык программаны 4 күндө үйрөнүү мүмкүн экенин түшүндүм. Демек, баарыбыз ушундай кыла алабыз. Дүйнөнүн 1 пайыз акылдуу адамдарынын ичинде болгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар. Албетте, башкысы жалкоолонбой, талыкпастан эмгектенүү гана зарыл», - деди ал.
Азамат «Алтын Тамга» аттестаттына ээ болуп, кубанычы койнуна батпай жаткан учуру. Бир чети ушунча окуган эмгегинин акыбети кайтса, бир чети мектептин мамлекеттик экзамендерден автоматтык түрдө бошотулду. Ал жакыында химия сабагынан дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын намысын коргойт.
«Бул тесттин жыйынтыгында жогорку упайларга ээ болсом, мен мамлекеттик экзамендерден (11-23 июнь) бошотулмакмын. Алдыга койгон максатыма жетип, экзамендерден бошотулуп отурам. Бул мен үчүн өтө маанилүү, анткени мен 10-17-июль күндөрү өтө турган Эл аралык химия олимпиадасына (IChO-2020) даярданышым керек», - деди ал.
Буга чейин ал химия боюнча улуттук олимпиадада 1-орунду, химия боюнча республикалык олимпиадада 2-орунду багындырган. Мындан сырткары химия боюнча «CHEMICO» эл аралык олимпиадасында 2 күмүш жана 1 коло медалдын ээси болгон.
«Республикалык химия олимпиадасын жеңип, химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасына жолдомо алгам. Сынак май айында Өзбекстандын борбору болгон Ташкент шаарында өткөрүлдү. Ага 16 өлкөдөн окуучулар келип, өздөрүнүн билим деңгээлини көрсөтүштү. Анын ичинде мен 2-орунга ээ болуп, кийинки боло турган химия боюнча эл аралык олимпиадасына өттүм. Ташкент шаары өтө кооз жана көчөлөрү таза экен. Ушундай жерлерди көрүп, өзүбүздүн кичи мекенибизди өнүктүрүү ойго келет. Буюрса, мен да келечекте алдыңкы өлкөлөрдүн өнүгүү жолун көрүп, Кыргызстаныбыздын алдыга жылышына салым кошкум келет.
Химия сабагын 7-класстан тарта тереңдетип окуйм. Өтө кызыктуу болгону менен, кээде татаал темалары да бар. Айрым учурда чыдабай, баарын таштап салгың келет. Бирок кыйын кездерде ата-энем жана мугалимдерим дем-күч берип турушат», - деди ал.
Азамат химия сабагы менен гана чектелип калбастан чет тилдерин да өздөштүрүүгө жетишти. 9-класста республикалык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты боюнча 2-орунду алган. Ошондой эле англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
«Биздин лицейде тил жакшы үйрөтүлөт. Так илимдер да дүйнөлүк стандартка ылайык, англис тилинде өткөрүлөт. Бул жерден мен англис жана боордош түрк тилин мыкты өздөштүрө алдым. Ушул билим менен дүйнөнүн эң күчтүү университеттерине өтсө болот. Жакында эле Американын күчтүү университеттеринин бирине жолдомо алдым. Келечекте инженер-химик болгум келет. Алдыга койгон ой-максаттарым көп, аны жүзөгө ашыруу менден аракет, мээнет жана эмгек керектелет», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.