Turmush — Кечээ, 22-июнда Сокулук районундагы базарда 1 чака кулпунай 1000 сомдон сатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Соодагерлердин айтымында, кулпунайдын биринчи терими бүткөндүгүнө байланыштуу анын баасы өсүп жатат.
«Азыр базар боюнча эч жерден таппайсыӊар. Ошол себептен кымбат», - деди алар.
Кызыл-Туу айылында кулпунай өстүргөн дыйкан Дилбара Кушмырзаеванын айтымында, кулпунайдын экинчи терими 20 күндүн ичинде башталат.
«Базарда кулпунайдын бир чакасы 1000 сомдон сатылышы толук ыктымал. Себеби, бизде биринчи терим бүттү. Азыр талаада кулпунай мөмө байлай элек. Ал бир чаканы 3 гектар жерден эптеп таап терген болушу мүмкүн. Азыр отоо, чөп чабуу менен алекпиз. Негизи быйыл түшүм жакшы. 1 гектар жерден 3-4 күндүн ичинде 150 чака терип жатабыз. Аны болсо бизден 200 сомдон жогору алып кетишет. Бир-эки жолу Казакстанга эки «КамАЗ»жүктөп кетишти. Калганы жергиликтүү базарларга сатылды.
Эми экинчи теримин Россияга алып кетиши мүмкүн. Быйыл аба ырайы дагы, суу дагы жакшы болду. Дыйкандар күзгө чейин жакшы түшүм алышат деген ойдобуз», - деди ал.
Сокулук райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришкендей, былтыр кулпунай 76 гектар жерге айдалса, быйыл болжол менен 130 гектар жерге айдалган.
Сокулуктагы жашылча-жемиштердин баасы:
- Сабиз 40 сом;
- Пияз 40 сом;
- Алма, кара өрүк, өрүк 100 сом;
- Помидор 55 сом;
- Бадыраӊ 40 сом;
- Персик 170-150 сом;
- Жүзүм 170 сом;
- Алча 350 сом;
- Арбуз 30 сом;
- Коон 40 сом;
- Кой эти 540-550 сом;
- Уй эти 480 сом.