Turmush — Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары тарабынан мамыга байланган жаран менен ага уурулук боюнча айып тагып жаткандар элдешти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган кишини видеого тарткандардын бири билдирди.
Тургундардын бири Турсунбай Шарапов бул кишинин 2 бала, 1 кызы бар экенин, аны камактан чыгарышканын айтты.
«Дордойдо жашайт. Ошол күнү №161 кичи автобуска түшүп, уктап калган экен. Ошентип Ак-Ордого келип калыптыр. Тиштери түшүп, кырылдап үнү дагы жакшы чыкпайт. Психикалык жактан жабыркайт, майып дагы. Анан жергиликтүү элден каякка келип калганын, каякка барарын сураптыр. Элдер анын сөзүнө түшүнбөй, селсаяк деп ойлошот. Өзү негизи спирт ичимдигин ичип коет экен. Ошентип бир үйгө каякка келип калганын сурайын деп кирет. Үйдө бир аял бар экен. Ал анын сөзүнө түшүнбөйт. Ошону менен «үйгө ууру кирди» деп, уу-дуу кеп кетип, эч нерсени териштиришпей ызы-чууга түшүп калышат. Анан электр мамыга байлап, ур-токмокко алышат. Анысы аз келгенсип, аны милиция дагы камап салат. Биз эртеси чогулуп, урган тарапты, видеого тарткандарды ээрчитип, «биз элдештик, бул кишини кое бергиле» деп РИИБде бир күн жүрдүк. Элдердин эч кандай буюму жоголбоптур, бирөөнүн бир мыгын албаптыр.
Биз урган баланы Кудайга койдук. Биз кечирдик. Бул жерде өч алуунун кажети жок. Баары түшүнбөстүктөн болуп кетти. Ушундай окуяларды толук кандуу териштирбей туруп видеого тартып, коомчулукка таратпай эле койсок деп айтар элем. Муну менен бир адамдын тагдырын талкалап коюу мүмкүн», - деди ал.
Буга чейин аталган жаран Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиги кабарланган.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 20-июнь күнү саат 16:00 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетишкен.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери саат 15:20 чамасында Ак-Ордо жаңы конушунда жергиликтүү тургундар аталган жаранды уюлдук телефон жана башка буюмдарды уурдаган деген шек менен кармап, андан соң мамыга байлап коюшканын аныкташкан. Бул факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталган.
Мындан аркы иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда саат 15:00дөн саат 16:00гө чейинки аралыкта аталган жаңы конуштун жашоочуларынын биринин үйүнө кирип, бир нече бут кийимдерди жана уюлдук телефон уурдап кеткендигин аныкташкан. Ошентип жалпысынан 14500 сомдук материалдык зыян келтирген. Арыз менен 1966-жылы туулган А.Л. кайрылган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Облустук милиция жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган адам Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилгенин кошумчалаган. Ал 1965-жылы туулган Э.Ф. Туугандарынын айтымында, ал психиатриялык ооруканада каттоодо турат. Ал жерде 2020-2021-жылдар аралыгында дарыланган.
Шектүүнүн жакындары жарыяланган видеоматериал боюнча арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок ага карабастан, иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
«Бул факты боюнча айрым абийирсиз жарандар улуттар аралык жаңжалга үндөгөн билдирүүлөрдү тарата башташкан. Буга байланыштуу Чүй ОИИББ чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү таркатпоону өтүнөт.
Улуттар аралык чыр-чатакты жайылтуу жана козутуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган», - деп белгилешкен облустук милициядан.