Turmush — Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында 3 кичи ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Майдан айылдык кеңешинин төрагасы Жолдош Тагаевдин айтымында, Сары-Алтын участкасындагы Кожокайыр каналына курулуп жаткан орточо чоңдуктагы ГЭСтин курулушу 2023-жылга бүтүп калат.
«Бул долбоор бүтүп калса 500 киловаттка жакын электр энергиясын бөлүп чыгарып, 2 айылды камсыз кылууга жетет», - деди ал.
Мындан сырткары дагы аталган айыл аймакта жеке компаниялар тарабынан 2 кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.