Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сарымсактын өзөгү Казакстанга экспорттолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, сарымсакты райондун Теплоключенка, Октябрь жана Челпек айыл аймагындагы дыйкандар өстүрүшөт.
«Сарымсактын өзөгүн үзүү ушул учурга туура келет. Бир айдан кийин түшүм жыйналат. Бул учурга чейин сарымсактын өзөгүн үзүп, талаага эле таштап салчубуз. Акыркы 3-4 жылдан бери сатып жатабыз. Килограммы 10 сомдон бааланууда. Бир гектар аянттан бир жарым тоннага чейин өзөк чыгат. Казак боордоштор келип, сатып алып жатышат. Алар сарымсактын ордуна өзөгүн консерванттарга кошушат экен. Бизге да жакшы болду», - дешти дыйкандар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.