Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунова 75 жашында каза болду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.
Акин Токтосунова 20-июнда кайтыш болгон. Ал бүгүн, 22-июнда жерге берилет.
А.Токтосунова 45 жыл агартуу тармагында иштеген. Анын артында 4 баласы, 12 небере жана 1 чөбөрөсү калды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Өмүр баянын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.