Turmush — Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облусундагы жергиликтүү сотторго иш сапары менен келип, судьялардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
- Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жалпы 312 судья ротацияланды. Анын ичинде Ош облусунун жергиликтүү сотторуна 68 судья Бишкек шаарынан, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан ротация жолу менен которулуп келди.
Ош облустук сотуна 13 судья, Ош шаардык сотуна 24 судья, Кара-Суу райондук сотуна 11 судья, Өзгөн райондук сотуна 7 судья, Ноокат райондук сотуна 5 судья, Араван райондук сотуна 4 судья, Алай жана Чоң-Алай райондук сотторуна бирден судья, Кара-Кулжа райондук сотуна 2 судья ротация болуп келди.
Ротацияланган судьялардын тизмесин Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.